Ак-Башат ЖББОМ Жайыл району

Тарбиялык иштер

Тарбиялык иштер

Максаты: Окуучулардын инсандык калыптануусу, чыгармачылык, интеллектуалдык өнүгүүсүнө шарт түзүү, өзүн-өзү башкаруу принциптеринин негизинде социалдаштыруу көндүмдөрүнө ээ кылуу.

Милдеттери:

  1. Тарбия процессине ар бир окуучуну тартуу;
  2. Окуучулардын өз алдынчалуулугун, жоопкерчилигин, чыгармачылыгын арттыруу;
  3. Окуучунун ден соолугунун физикалык өнүгүп-өсүүсүн калыптандыруу;
  4. Ар бир окуучуга «ийгилик» ситуациясын түзүү;
  5. Окуучуларды окутууда жана тарбиялоодо жетишкендиктерге жетишүү үчүн мугалимдердин педагогикалык жана профессионалдык маданиятынын деңгээлин жогорулатуу.

[/tab]

Тарбия ишинин приоритеттүү багыттары:

Похожее изображение

  • Жарандык-патриоттук тарбия
  • Нравалык-эстетикалык тарбия
  • Экологиялык тарбия
  • Өзүн-өзү башкаруу тарбиясы
  • Долбоор жактоо ишмердүүлү

 

Тарбия иштеринин багытыБагыт боюнча жүргүзүлүүчү иштердин милдеттери
Жарандык-патриоттук1. Окуучунун ар түрдүү сапаттары: милдет, жоопкерчилик, ар-намыс жетишкендиктерин калыптандыруу.
2. Ата-Мекендин каада-салттарына, үй-бүлөгө, мектепке урматтоо жана сүйүү сезимдерин калыптандыруу
Нравалык-эстетиткалык1. Окуучулардын жүрүм-турум маданиятын өстүрүү, эстетикалык табитин, инсанды сыйлоого багыттоо
2. Окуучулардын чыгармачылык өнүгүүсүнө шарт түзүү.
Экологиялык1. Ата-Журттун тарыхын, жаратылышын окуучулардын изилдеп окуусу;2. Айлана-чөйрөгө туура мамиле жасоого үйрөтүү;

3. Туристтик тажрыйбаларды топтоо иштерин уюштуруу;

4. Окуучулардын изилдөө иштерин жүргүзүүгө жардам берүү;

5. Жаратылышты коргоо акцияларын жүргүзүү.

Ден соолукту чыңдоо 1. Окуучулардын өз ден соолугуна кам көрүү жана чыңдоо маданиятын калыптандыруу;
2. Спорт менен машыгуу жана дене тарбия сабактарынан көтөрүү;
3. Саламаттыкты сактоо маданиятын жайылтуу.
Мектепте жана класста өзүн-өзү башкаруу1. Окуучулардын активдүүлүгүн, жоопкерчилигин, өз алдынчалыгын өркүндөтүү;2. Мектепте жана класста өзүн-өзү башкарууну калыптандыруу;

3. Класс активдеринин окуусун уюштуруу.

Долбоор жактоо ишмердүүлүгү1. Илимий ишке изилдөөгө стимулдаштыруу;2. Социалдык мааниси бар долбоорлорду жактоого үйрөтүү.
Усулдук иштер1. Класс жетекчилердин тажрыйба иштерин жайылтуу;2. Класс менен иштөөдө класс жетекчилерге усулдук жардам көрсөтүү.
Ийримдердин иштери жана спорттук секциялар1. Иштеп жаткан ийримдердин жана секциялардын ишин улантуу;2. Ийримдердин иштерин текшерүүгө алуу;

3. Ийримдердин, секциялардын тармактарын өстүрүү.

Тарбия процессин текшерүүгө алуу1. Тарбия процессинин бардык бөлүмдөрүн, отчет берүү аркылуу текшерүүгө алуу;2. Тарбия иштериндеги жетишпегендиктерди жоюунун жолдору боюнча иш жүргүзүү.