Тарбиялык иштер
Максаты: Окуучулардын инсандык калыптануусу, чыгармачылык, интеллектуалдык өнүгүүсүнө шарт түзүү, өзүн-өзү башкаруу принциптеринин негизинде социалдаштыруу көндүмдөрүнө ээ кылуу.
Милдеттери:
- Тарбия процессине ар бир окуучуну тартуу;
- Окуучулардын өз алдынчалуулугун, жоопкерчилигин, чыгармачылыгын арттыруу;
- Окуучунун ден соолугунун физикалык өнүгүп-өсүүсүн калыптандыруу;
- Ар бир окуучуга «ийгилик» ситуациясын түзүү;
- Окуучуларды окутууда жана тарбиялоодо жетишкендиктерге жетишүү үчүн мугалимдердин педагогикалык жана профессионалдык маданиятынын деңгээлин жогорулатуу.
[/tab]
Тарбия ишинин приоритеттүү багыттары:
- Жарандык-патриоттук тарбия
- Нравалык-эстетикалык тарбия
- Экологиялык тарбия
- Өзүн-өзү башкаруу тарбиясы
- Долбоор жактоо ишмердүүлү
Тарбия иштеринин багыты | Багыт боюнча жүргүзүлүүчү иштердин милдеттери |
Жарандык-патриоттук | 1. Окуучунун ар түрдүү сапаттары: милдет, жоопкерчилик, ар-намыс жетишкендиктерин калыптандыруу. 2. Ата-Мекендин каада-салттарына, үй-бүлөгө, мектепке урматтоо жана сүйүү сезимдерин калыптандыруу |
Нравалык-эстетиткалык | 1. Окуучулардын жүрүм-турум маданиятын өстүрүү, эстетикалык табитин, инсанды сыйлоого багыттоо 2. Окуучулардын чыгармачылык өнүгүүсүнө шарт түзүү. |
Экологиялык | 1. Ата-Журттун тарыхын, жаратылышын окуучулардын изилдеп окуусу;2. Айлана-чөйрөгө туура мамиле жасоого үйрөтүү; 3. Туристтик тажрыйбаларды топтоо иштерин уюштуруу; 4. Окуучулардын изилдөө иштерин жүргүзүүгө жардам берүү; 5. Жаратылышты коргоо акцияларын жүргүзүү. |
Ден соолукту чыңдоо | 1. Окуучулардын өз ден соолугуна кам көрүү жана чыңдоо маданиятын калыптандыруу; 2. Спорт менен машыгуу жана дене тарбия сабактарынан көтөрүү; 3. Саламаттыкты сактоо маданиятын жайылтуу. |
Мектепте жана класста өзүн-өзү башкаруу | 1. Окуучулардын активдүүлүгүн, жоопкерчилигин, өз алдынчалыгын өркүндөтүү;2. Мектепте жана класста өзүн-өзү башкарууну калыптандыруу; 3. Класс активдеринин окуусун уюштуруу. |
Долбоор жактоо ишмердүүлүгү | 1. Илимий ишке изилдөөгө стимулдаштыруу;2. Социалдык мааниси бар долбоорлорду жактоого үйрөтүү. |
Усулдук иштер | 1. Класс жетекчилердин тажрыйба иштерин жайылтуу;2. Класс менен иштөөдө класс жетекчилерге усулдук жардам көрсөтүү. |
Ийримдердин иштери жана спорттук секциялар | 1. Иштеп жаткан ийримдердин жана секциялардын ишин улантуу;2. Ийримдердин иштерин текшерүүгө алуу; 3. Ийримдердин, секциялардын тармактарын өстүрүү. |
Тарбия процессин текшерүүгө алуу | 1. Тарбия процессинин бардык бөлүмдөрүн, отчет берүү аркылуу текшерүүгө алуу;2. Тарбия иштериндеги жетишпегендиктерди жоюунун жолдору боюнча иш жүргүзүү. |