📚 Педагогикалык жыйын: негизги багыттар 🏫
Ак-Башат ЖББОМде педагогикалык жыйын
Мектепте кезектеги педагогикалык жыйын өткөрүлүп, бир нече маанилүү маселелер талкууланды. Жыйында окуучулардын билим сапатын жогорулатуу, ПИЗА тапшырмаларын сабактарда колдонуу, жана олимпиадага даярдык көрүү боюнча иштердин натыйжалуулугу каралды.
Негизги багыттар:
ПИЗА тапшырмаларын сабактарга кеңири киргизүү жана билим берүүнүн сапатын жакшыртуу.
Ата-энелер менен түшүндүрүү иштерин күчөтүү.
Райондук олимпиадага жолдомо алган окуучуларга кошумча даярдоо сабактарын уюштуруу.
Мектеп администрациясы ар бир окуучунун жетишкендиктерин жогорулатуу үчүн тынымсыз иш алып барууда.
#АкБашатЖББОМ #БилимСапаты #Олимпиада
Комментарии