4- классынын окуучуларынын билим алуусунун жетишкендиктерине жыйынтыктоочу баалоо
Ак-Башат ЖББОМде Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын 4 —
классынын окуучуларынын билим алуусунун жетишкендиктерине
жыйынтыктоочу баалоо жүргүзүлүп жатат.
4-классынын окуучуларынын 1 жана 2 — чейректик стандартташтырылган
тестирлөө формасында жыйынтыктоочу баалоону өткөрүү тартибин
аныктайт.
Стандартташтырылган тесттер Кыргыз Республикасынын 4-классынын
окуучуларынын предметтик компетенциялары боюнча жыйынтыктоочу
билим алуусунун жетишкендиктерин аныктоого багытталган.
Тестирлөөнү өткөрүүнүн максаты 10 жаштагы окуучулардын окуу
компетенцияларын калыптандырууда башталгыч класстардын
мугалимдеринин жыйынтыктоочу тесттик билимин контролдоону колдонуу
боюнча кесиптик жөндөмдөрүн өнүктүрүү болуп саналат.
Комментарии