«Эки залкар» адабий кече
Ак-Башат ЖББМде улуу калемгерлерибиз Чыңгыз Айтматов менен Алыкул Осмоновго арналган мазмундуу адабий кече болуп өттү.
Иш-чараны Сыдыкова Асель эже 7–класстын окуучулары менен биргеликте жогорку деңгээлде уюштуруп, окуучулар акын-жазуучулардын чыгармаларынан көркөм окууларды аткарышты, сахналаштырылган үзүндүлөрдү көрсөтүштү.
Адабий кече жаш муундардын китепке болгон кызыгуусун арттырып, улуттук адабиятыбызга болгон сүйүүнү дагы бир ирет бекемдеди.
Иш-чараны уюштурган Асель эжеге жана активдүү катышкан окуучуларга терең ыраазычылык билдиребиз! 📚✨
Комментарии