«Бир окуучу — бир көчөт» акциясы
2024-жылдын 6-апрелинде «Жашыл Мурас » «Бир окуучу — бир көчөт» жыл сайын өтүүчү республикалык деңгээлде Жайыл районундагы Ак-Башат жалпы билим берүү орто мектебинде көчөт отургузуу, жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана арыктарды тазалоо иштери жүргүзүлдү. Ишембиликке мектептин жалпы жамааты жана жогорку класстардын окуучулары тартылып, жалпысынан 130 киши катышты.
Ак-Башат айыл өкмөтү тарабынан көчөттөр берилип, 90 түп терек, 29 түп жаңгак, 20 түп клён, 15 түп өрүк жана окуучулар тарабынан 100 дөн ашык терек, 40 түп кара жыгач, 40 түп роза отургузулду. Жалпысынан 1500 тонна таштанды чыгарылып, 2700 м арык тазаланды. 215 түп алма багы, 250 түп кара жыгач жана теректердин түбү акталды
Комментарии