5-март ак калпак күнү
🇰🇬 Ак-Башат ЖББОМдо Ак калпак күнү белгиленди! 🇰🇬
Бүгүн мектебибизде улуттук сыймыгыбыз – Ак калпак күнү өзгөчө маанайда белгиленди! 🎉 Бул иш-чарада 5-“Б” классынын окуучулары класс жетекчиси Ширин эжеси менен бирге Ак калпактын баалуулугун терең ачып көрсөтүштү. Улуттук баш кийимибиздин тарыхын, маанисин жана улуулугун даңазалаган кооз чыгармалар, өнөрлөр жана маалыматтар менен бөлүшүштү.
Ак калпак – бул ар-намыстын, тазалыктын жана кыргыз элинин биримдик символу! Ата-бабаларыбыздын мурасын сактоо – ар бирибиздин ыйык парзыбыз!
🇰🇬 Ак калпак – кыргыз элинин сыймыгы! 🇰🇬
#АкКалпакКүнү #МекенСүйүү #5БКлассы #АкБашатЖББОМ #ШиринЭже #УлуттукБаалуулуктар
Комментарии