Ак-Башат ЖББОМде акыркы коңгуроо белгиленди.Ушул мектепти 20-жыл мурун бүткөн окуучулар мектепке интерактивдүү такта белек кылышты. Мектеп администрациясы терең ыраазычылык билдирет жана бүтүрүүчүлөргө ак жол жана жаңы жетишкендиктерди каалайт
05.11.2024 20
</a 2024-жылдын 30-августта мугалимдер жамааты жана администрациясынын катышуусунда педагогикалык кеңеш өткөрүлдү. Кеңеште 2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгы талкууланып, окуучулардын жетишкендиктери жана кемчиликтери каралды. Мектеп директору мугалимдерге окуучуларды олимпиадаларга жана тестирлөөлөргө жакшы даярдоону тапшырды. Ошондой эле сааттарды бөлүштүрүү маселеси каралып, мугалимдердин сунуштары кабыл алынды. Окуучулардын телефондорун чектелген учурда гана колдонууга уруксат берүү чечими кабыл алынды. Жаңы окуу жылыңыздар […]
31.08.2024 277
2024-жылдын 23-апрелинде Ак-Башат жалпы билим берүү орто мектебинин базасында Жайыл районунун мектеп директорлоруна “Жаңы тарбия берүү техналогиялары жана мектепте тарбия берүүнүн заманбап тенденциялары” темасындагы семинары болуп өттү. Семинарда тарбия берүүнүн жаңы заманбап тенденцияларын колдонуу максатында тарбиялык класстык сааттар көргөзүлүп жана “Жашыл дүйнө” ийриминин иши менен күнөсканада баяндама жүргүзүлдү.
28.06.2024 250
2024-жылдын 6-апрелинде «Жашыл Мурас » «Бир окуучу — бир көчөт» жыл сайын өтүүчү республикалык деңгээлде Жайыл районундагы Ак-Башат жалпы билим берүү орто мектебинде көчөт отургузуу, жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана арыктарды тазалоо иштери жүргүзүлдү. Ишембиликке мектептин жалпы жамааты жана жогорку класстардын окуучулары тартылып, жалпысынан 130 киши катышты. Ак-Башат айыл өкмөтү тарабынан көчөттөр берилип, 90 түп терек, 29 […]
06.04.2024 822
9-февральда Ак-Башат ЖББОМде жалпы мектеп ата-энелер чогулушу өткөрүлдү.
18.02.2024 77